www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбыз эле 60-70 жаш курагыбызда деле жаш көрүнүүнү кыялданабыз. Тилекке каршы, бул кыялыбыз дайым эле иш жүзүнө аша бербейт. Өз жашыбыздан улуу көрүнүүгө биринчи кезекте өзүбүз калыптандырган адаттар күнөөлүү. Ал адаттар кайсылар? Бул тууралуу Аймээрим Курбаналиевдин пайдалуу кеңешине көңүл бурсак.

Бир убакта бир нече ишти башыңызга үйүп аласыз. Көп адамдар бир нече ишти бир маалда аткаруу жакшы деп ойлошот. Мындай адатыңыздын жыйынтыгында сиз эч нерсеге жетишпейсиз, бирок андан улам пайда болгон стресс организмиңизге чоң зыян келтирет. Чогулуп отуруп өнөкөткө айланган стресс клеткаларды бузуп, карылыктын процессин тездетет. Андыктан бир маалда бир нече ишти башыңызга үйүп алган адатыңыздан арылып, көңүлүңүздүн баарын бир гана ишке коюп, ошону бүтүрүңүз, андан кийин гана экичисине өтүңүз.

Десерттен баш тартпайсыз. Таттууну көп жегенден улам кошулган ашыкча салмак сиздин жашыңызга жаш кошот. Андан тышкары шекердин малекулалары белок менен кошулуу процесси сиздин сулуулугуңуз үчүн зыяндуу. Ал теринин жалтырактыгын, серпилгичтигин жоготот, көздүн астындагы күңүрт тактын пайда болушуна шарт түзөт, бырыштын, шишиктин пайда болушуна, теринин тешикчелеринин чоңоюшуна алып келет. Андыктан жаштыгыңызды сактагыңыз келсе, таттуулардан баш тартыңыз.

Кеч уктайсыз. Эгерде сиз 12ден кийин уктасаңыз, карылыкты өзүңүзгө чакырып жаткан болосуз. Аз уйку көздүн айланасында шишикти пайда кылгандан тышкары жашоону кыскартат. Чоң адам үчүн суткасына 7 сааттык уйку нормалдуу болуп эсептелинет.

Макияжыңызды өчүрбөй уктайсыз. Эгерде макияжыңызды өчүрбөй жата турган адатыңыз бар болсо, тез эле картайып кетесиз. Косметика, күнү бою ага жармашкан чаң түн ичинде теринин терең катмарына чейин сиңип кетет. Мындан улам бет терисинин дем алуусунда бузулуу келип чыгат.

Телевизорду көп көрөсүз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бир сааттык телевизор көрүү 22 мүнөттүк өмүрдү кыскартат. Ошондо күнүнө орточо эсеп менен 6 сааттан телевизор көргөн адамдар көрбөгөндөргө караганда 5 жылга аз жашашат.

Убактыңыздын көбүн отурган калыбыңызда өткөрөсүз. Күнү бою креслодо отуруп убактысын өткөргөн адамдарга ашыкча салмак кошулгандан сырткары бөйрөк, жүрөк-кан тамыр, рак ооруларына кабылуу коркунучу көп. Физикалык көнүгүүлөр болсо ден соолукта жаралган көйгөйлөрдүн алдын алып, жашоону узартат.

Крем колдонбойсуз. Бырыштарды көзөмөлдөп туруу үчүн беттин терисине крем сүртүү керек. Алардын негизгиси – көздүн айланасына сүртүлүүчү крем. Беттин башка бөлүгүндөгү терилерге караганда көздүн айланасындагы тери жука болот, ошондуктан эрте картаят. Беттин терисинин тез картаюусунун дагы бир себеби – ультрафиолет нурлары. Ал нурлар күн чыгып турганда гана эмес, күн бүркөлүп турганда, атүгүл жаан жаап жатканда да болот. Андыктан көчөгө күндөн коргоочу крем сүйкөнбөй чыкпаңыз. Адистер SPF көрсөткүчү 30дан 50гө чейин болгон кремдерди сунушташат.

Макияжды ашыкча колдоносуз. Макияжды өтө эле көп колдонуу беттин терисинин тешикчелеринин бүтөлүп калышына, андан улам бетке ар кандай безеткилердин чыгышына алып келет. Ал эми курамында спирт бар жыттуу косметикалык каражаттар териңизди кургатып, бырыштын эрте түшүшүн шарттайт.

Жаздыкка бетиңиз менен жатасыз. Көмкөрөңүздөн же кыйгачыңыздан жаткан учурда бетиңиз жаздыкка тийип, ошол жерлерде бара-бара бырыштар пайда болот. Жаштыгын узакка сактоону каалагандарга чалкалап жатуу сунуш кылынат. Же болбосо атлас жаздыктарды колдонуу да бетиңизге көп бырыш түшүрбөйт.

Үйүңүздү жылуу кармайсыз. Кышында сыртта ызгаар болуп турганда үйдүн жылуу болушу, албетте, жагымдуу. Бирок үйүңүзгө мындай жагымдуу шарт түзүү менен абадагы нымдуулуктун баарын айдап чыккан болосуз. Бул болсо теринин кургап, карылык процессин тездетет.

Суюктукту түтүкчө менен ичесиз. Суюктукту түтүкчө менен ичүү тиштин саргайышынан сактайт, бирок эриндерди куушуруу анын айланасында бырыштардын пайда болушуна жеткирет. Тамеки тартуу да ушундай эле жыйынтыкты берет.

Пайдалуу майларды колдонбойсуз. Айрым майлар жаштыкты сактоо үчүн зарыл болуп эсептелинет. Мисалы, омега-3 пайдалуу майын лосось, скумбрия сыяктуу балыктардан табууга болот. Ошондой эле грек жаңгагында, бадамда кездешкен бул май териге түшкөн бырыштардын алдын алып, анын жылмакай болуп көрүнүшүнө жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости