www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карышкырга кой кайтарткан заман...

"Акнет" жоопкерчилиги чектелген коомуна карата козголгон кылмыш ишинин тергөөсү бүтпөй создугууда. Аталган компаиияга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2018-жылдын ноябрь айында эле иш козгогон. "Акнетке" козголгон кылмышты ЭКККК талапка ылайык аягына чыгара албаган соң, ал ишти ИИМ өз көзөмөлүнө алып, учурда тергөө ишин жүргүзүп жатат. ЭКККК эмне үчүн талапка ылайык иш алып барган жок? Көрсө бул иштен пайда көрүүнү көксөгөн ЭКККК жетекчиси Бакир Таировдун орун басары Абдылдаев Сагынбек Токоновичтин кулагы чыгууда. Башкача айтканда, кылмыш иши тергелип бүтө элек кезде Абдылдаев Бакир Таировго: "Козголгон кылмыш иштин алкагында. Акнеттин" эсептик счётуна коюлган камакты алып салышыңызды өтүнөм. Себеби аталган компаниянын иши үзгүлтүккө учурабашы керек.

Төлөмдөр да өз убагында жүрүшү зарыл" - деген жүйөнү келтирип рапорт жазып көндүргөн. Натыйжада "Акнеттин" «Кыргыз инвест кредитбанкындагы» эсебине коюлган камак алынып, кыска аралыкта 280 миллион сом (долларга которгондо 4 миллиондон ашык) акча чыгарылып, оффшордук зонага которулуп кеткен. Мына ушул которулган каражаттын 10 проценти же 400 миң доллар Абдылдаевге тийиши мүмкүн деген шек бар. УКМК, Башкы прокуратура бул жагдайды көзөмөлгө алып, тыкыр иликтеши зарыл.

Булак: Фабула

 

Последние новости