www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ачыгын айтып коюшубуз керек, башында бир топ ызы-чуу менен келген шаар мэри Азиз Суракматов камчы чаптырбай, ишин түзүк жөндөп кетти. Калыпка салынган жана жолго коюлбай жаткан бир топ өзөктүү иштерди алгылыктуу аркалап жатат. Мыйзамсыз жер сатуу, парктарды басып алуу деген сындуу оркойгон кемчиликтер каттала элек. Бирок, тыкыр карап турбаса шалдая түшкөн, көзүң далдоо болсо эле дароо өз ишин аткарбай койгон, иши кылса мэрдин атына көлөкө түшүрө турган кызматтар байкалууда.
Маселен, Талантбек Казакбаев жетектеген «Тазалык» кызматы кемчиликтерди кетирип жатат. Жыйылбай калган таштандылардын айынан шаар тургундарынын нааразычылыгы күчөй баштады. Казакбаев кетирген «косяктар» Суракматовдун мыкты иштерине көлөкө түшүрүп жатканы жашыруун эмес...
Булак: "Де Факто"