www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарына киргизген убактылуу чектөөнү алды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы “Азаттыкка” кабарлаган.

Маалыматка караганда, казак тарап 17-октябрда кыргызстандык беш ишканага киргизген чектөөнү алып салган. Ага чейин Ветеринардык коопсуздук инспекциясы Казакстандын тиешелүү органдарына Кыргызстандагы эпизоотиялык абал боюнча толук маалымат берген.

Казакстан 12-октябрда Кыргызстандагы «Риха», «Кантский хлебзавод», «Баркад», «Салих», «Адал-Азык» ишканаларынын эт өндүрүмүнө чектөө киргизген. Мындай чараны коңшу өлкө Кыргызстандагы эпизоотиялык абалдын начардыгы менен байланыштырган.

Ага чейин Кыргызстан Казакстандан ташылып келген тоок этине убактылуу чектөө киргизип, бир нече күндөн кийин аны алып салган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости