www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Ички иштер министрлиги, 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн нааразычылык акцияларында 80ден ашык адам кармалганын расмий билдирди.
Маалыматка ылайык, нааразы болгон адамдарды кармоононун негизги себептери, “уруксаатсыз митингге чыгуу, өзүн агрессивдүү алып жүрүү жана коомдук тартипти бузду”- түшүндүрүлүүдө. Азыр кармалган адамдар укуктук баасын ала элек.
Министрликтин билдирүүсүндө, акциялардын катышуучуларына “позицияларын жана ойлорун эркин, ачык айтуу мүмкүнчүлүгү берилгенин”, ага карабай айрымдар “өздөрүн агрессивдүү алып жүргөнү” жана “коомдук тартипти бузганы” айтылат. Жыйынтыгында “аларды кармоо чаралары көрүлдү” дейт маалыматта. Кармалгандарга эми “укуктук баа берилет”.
Акцияга чыккандар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.
Нур-Султанда 21-апрелде, он беш күнгө камакка алынган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековдун камалышы Казакстандагы нааразычылыкты күчөттү.
Булак:NazarNews.kg