www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр дал ушул маалда ЖЭБ жылмыша тоңуп, кыштын ызгаарында борбор калаа жылуулуксуз калганы далайга чейин көпчүлүктүн эсинен кетпесе керек. Учурда ЖЭБди реконструкциялоодо көз боемо-чулукка барып, оңдоп түзөөнун ордуна акчаны сол чөнтөккө сологондор колу менен кылгандарын моюну менен тартуу алдында турушат. Туура да, 386 млн долларды оңду-солду чачып, максаттуу пайдаланылбастан андан өөнөп «уурдоо» мамлекетке болгон чыккынчылык эмей эмне?!

Бүгүнкү күндө ЖЭБ маселесине байланыштуу жаңы жагдайлар чыгууда. Кезинде Жогорку Кеңеш тарабынан текшерүүчү топ түзулүп, кимдин кандай күнөөсүбар экендиги акыйкат аныкталган. Жыйынтыгында жылуулук борборундагы авария боюнча төрт кылмыш иши козголуп, сот иштери уланууда. ТВЕА компаниясы тарабьшан мектеп куруу үчүн берилген акча каражатын туура эмес колдонулушу боюнча бешинчи кылмыш иши да козголду. Шектүүлөрдүн башында мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдор бар. Азырынча бир гана иш боюнча биринчи инстанциянын чечими чыккан. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Электр станциялары» ААК генералдык директорунун орун басары Бердибек Боркоевге жети жыл алты ай эркинен ажыратуу, мурунку техникалык директор Алмаз Жусупбековго жети жыл камак жазасын берген.

Айтайын дегеним, кээ бирлер уурдагандарын моюнуна албай, «Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат» дегендей: «Бул саясий куугунтуктоо, Атамбаевдин командасына куугунтуктоо журүп жатат» -деп эле кыйкырып жатышат, Камакка алынгандардын ар бирине токтолсок, ар бирине ар түрдүү жагдайларда иш козголгон. Мисалы Жантөрө Сатыбалдиев дагы экс-ажонун командасында болгон деп айтабызбы?

Учурда Президентибиз коррупция менен күрөштү баштады, кимде ким элдин акысын жеген болсо, мамлекеттин казынасынан уурдаган болсо ал ээлеген кызматына, элге жасаган анча-мынча жумушуна карабай туруп өз жазасын алыш керек. Булардын оюна койсоң саясий куугунтук деп бет тырмоочулукка барып, күнөөлөрүн моюндагылары келбейт. Ошондуктан учурдагы абалга туура саресеп салсак.

Назгүл Исакова

Булак: "Де Факто"

Последние новости