www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тажик башчысы боор ооруса боорго тепти”, - деди бүгүн, 2-майда NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.
--“Тажикстанда жарандык согуш болгондо Кыргызстан өзү кыйналып турса дагы бардык аймактардан гуманитардык жардамдарды чогултуп, жеткирип берип турганбыз. Ал гана эмес балдар окубай калбасын деп китептерди бердик. Элдик дипломатия болуп аксакалдар барып ынтымакка чакырышты. Саясий дипломатия болуп, мамлекеттик деңгээлде легендарлуу парламенттин депутаттары барып, сүйлөшүп, ынтымакка чакырдык. Ошентип отуруп анан эки тарап бир бийликке келип, Тажик мамлекети сакталып калган.
Коңшу өлкөдө тынчтык болсо экен деп туугандык, боордоштук, адамгерчилик менен мамиле кылганбыз. Тилекке каршы Эмомали Рахмон анын баарын билип туруп, бизге кылган жообу ушул болду. Тажик башчысы боор ооруса боорго тепти. Канчадан бери кыргыз-тажик элинин ортосунда чек ара көйгөйү бүтпөй келет. Рахмон түшүнөтгө десек болбойт”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg