www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтин бутагында отура берүүнүн өзү тагдыр жазмышы десек болот. Ал эми кызматтын ажаатын ача алдыбы башка маселе. Губернаторлукту, өкмөт башчынын орун басарлыгын жон териси менен сезген Даир Кенекеевдин дарегине азыр ар кандай сөздөр токула баштаганы бекерден эмес. Анткени былтыр жердештеринин алдында төө бастыга калып,окуянын чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылганда чарылдашып мүмкүнчүлүк бербей коюшкан. Анткени менен ал эрдигин мурдагы ажо баалап, борборго алып келип үлкөн кызматка отургузган. Тилекке каршы мурдагы команда бүтүндөй шыпырылганда Кенекеев да вице-премерликтен чегинген.
Жакында эле бийлик аны “Учкундун” деректири кылып дайындады. Көзү түз эместер аны иштей алар түрү жок, эми “банкротко” жеткирбесе болду деген токулмасын эртелеп жаадыра башташты. Арийне, карызы бар тармакты кыска аралыкта саздан алып чыгуу оңой эмес. Ошондуктан сабыр кылып, күтө турсак кантет? Эгерде чындап эле иштин көзүн табууга жараса, карыздан кутултуунун амалын жандандырса сындаганды коё туруп, эркиндик берүү адилеттик болот. Кантип эле чоң кызматтарды аркалаган кишиде көрөгөчтүк болбосун? Болгону тармакта көптөн бери иштеген тажрыйбалуу адистерди жээрибей, өзүнө имерип бирге аракет кылса жыртылган тешиктерди жамоого негиз түзүлмөк. Учурда эмгек жамаатындагылар үмүтүн үзбөй жетекчисин карап турушат. Ошолордун ишеничин актоого шарт берилген соң тынымсыз мээнеттенүү мезгил талабы.
Булак: "Ачык сөз"