www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Кеңешбек мырза, жаңы түзүлө турган Өкмөттү кандай жол менен тандашыбыз керек? Жаңы Өкмөт көп кыйынчылыкка туруштук бериши керек деген сөздөр байма-бай айтылууда. Мамлекетти кыйын абалдан чыгарып кете турган адамдар барбы?
- Түзүлө турган өкмөттүн алдында ат көтөргүс кыйынчылык жана жоопкерчилик турганы айтпаса да түшүнүктүү. Жаңы өкмөттүн курамына кесипкөй, билимдүү, тажрыйбалуу, эң негизгиси патриот адамдар келиши керек деп эсептейм.
- Бу сапар өкмөт башчылык кызматка адискөйлөрдү тандаш керекпи же түндүк-түштүк деген жазылбаган мыйзамдын негизинде тандалышы зарылбы?
- Өкмөт башчылык кызматка саясатта кыр аркасы, эрки бар, көз карашын, позициясын, принциптерин ачык айтып, коргой ала турган, жоопкерчиликтен качпаган, коомдо салмагы бар адам болушу керек. Баягыдай эле ийкемдүү, баарына макул боло берген, кошоматчы бирөө келсе, анда баягы эле шор пенде болобуз. Азыркы шартта өкмөт башчынын кайсы региондон экени эч кандай роль ойнобошу керек.
- Садыр Жапаровдун президенттик таймаштагы атаандаштарын инаугурацияга чакырганын жакшылыктын жышааны, ынтымакка келүүнүн жолу катары кабылдасак болобу?
- Садыр Жапаровдун мамлекет, эл, коом үчүн тарыхтын жаңы барагын ачканга толук мүмкүнчүлүгү бар. Элдин көпчүлүгүнүн ишеничи, үмүтү ал үчүн чоң тирек, мындан аркы өнүгүшүбүз толук бойдон анын колунда жана саясий эркинде. Ошондуктан, мен ага чын дилимден ишине ийгилик каалап, буга чейинки келген президенттердин тагдырын, иштерин кайталабай, кыргыз элинин тарыхында жакшы ат менен калаарын тилейт элем. Бүгүнкү күндө биздин эл, коом үчүн жетпей жаткан нерсе, бул улуттук деңгээлдеги биримдик жана ынтымак. Садыр Жапаров өзүнүн атаандаштарын инаугурацияга чакырганын бул багыттагы алгачкы кадамдарынын бири деп эсептейли.
Булак: Майдан.kg гезити