www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык коомчулук, анын ичинде Кыргызстан Ооганстанды азыркы абалда жалгыз калтырса кесепети жакшы болбойт. Мындай пикирин Search for Common Grounds уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров билдирди.

--"Жалпы адамзатка караштуу баалуулуктар бар. Кайда болбосун, ким, кайсы улутта болбосун, баары адам. Адамдардын бейпилдигине тоскоолдук болбошу керек. Ооба, талибдер келди, бул реалдуулук. Изоляцияга түрткөндүн ордуна аларга ачылып, кандай жактан жардам бере аларыбызды карап көрүшүбүз керек.

Изоляцияда кала берсе жакырчылыктын, ич ара келишпестиктин айынан жарандык согуш чыгып кетсе арасында биринчи кезекте адам баалуулуктары, эркиндиги тебеленет. Ошондуктан эл аралык коомчулук ооган элинин келечекке карай кадам таштоосуна кандай мүмкүнчүлүк болсо да колдонушу керек.

А “Талибанды” “Силер мурдагыдай талибдерсиңер”, биз ишене албайбыз” деп өзүбүздөн алыстата берсек алар кайрадан изоляцияда калышы ыктымал. Анын кесепети жакшы болбойт", - дейт ал. 

Эске сала кетсек, "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости