www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарындагы «Sheraton» мейманканасында KFU Football Awards 2025 — жыл жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы мыктыларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Салтанат Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулуп, футболдогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын тапшырылуучу индивидуалдык сыйлыктар ээлерине берилди. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев, ошондой эле футбол коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Аземдин алкагында төмөнкү номинациялар боюнча 2025-жылдын мыктылары аныкталды:

  • «Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу – 2025» – Эржан Токотаев (170 миң сом);

  • «Футзал боюнча мыкты оюнчу – 2025» – Шохрух Махмадаминов (90 миң сом);

  • «Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу – 2025» – Нагима Туралиева (90 миң сом);

  • «Футбол боюнча мыкты жаш оюнчу – 2025» – Кими Мерк (90 миң сом);

  • «Футбол боюнча мыкты машыктыруучу – 2025» – Эдмар Ласерда (170 миң сом);

  • «Футзал боюнча мыкты машыктыруучу – 2025» – Луис Бернат Молина (70 миң сом);

  • «Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу – 2025» – Антонио Меса (70 миң сом);

  • «Футбол боюнча мыкты калыс – 2025» – Эрланбек Осмонов (50 миң сом);

  • «Футзал боюнча мыкты калыс – 2025» – Нурбек Арстанбек уулу (50 миң сом);

  • Мыкты футбол клубу – 2025 – «Барс» ФК (50 миң сом);

  • Мыкты регионалдык уюм – Чүй облусунун футбол ассоциациясы (50 миң сом);

  • Мыкты спорттук уюм – «Мурас» окуу-машыгуу базасы (50 миң сом).

Белгилей кетсек, бул сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин «2025–2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык тапшырылып, айрым номинациялар боюнча жалпы суммасы 1 миллион сомду түзгөн атайын байгелер ыйгарылды.

Последние новости