www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата иш-чарага ИИМдин Академиясы катышууда

Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата иш-чарага ИИМдин Академиясы катышууда

Журналист: АЙНА УЛУГБЕКОВА
03.02.2021, 22:07
5218
|

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, тунгуч лексикограф жана лексиколог Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган 1 айлык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы да жигердүү катышууда. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында өздүк курамга лекциялар окулуп, курсанттар жана студенттер арасында дилбаяндардын сынагы онлайн түрүндө уюштурулуп, жеңүүчүлөрү чакан белектер жана грамоталар менен сыйланды.

Андан тышкары,  ИИМдин Академиясынын өздүк курамынын арасында сабаттуулукту жоюу максатында жат жазуу иштери  офлайн түрүндө уюштурулуп, өткөрүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

 



Поделитесь с друзьями