www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 29-октябрдан 31-октябрга чейин Хакасия мамлекеттик университинде азия элдеринин тамактары даярдалат. Тактап айтканда, аталган университеттин ашканасында  Борбор Азия  ашканасынын майрамдык  күнүнө карата Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын тамак-аштары жасалат. Бул тууралуу  орус басылмалары жазып чыкты.

“Октябрь, ноябрь айларында Борбор Азия өлкөлөрүндө түшүм  майрамдары  болот. Мисалы, Кыргызстанда чечкор, Туркменстанда хасыл байрамы  жана Тажикстандын  мехргон майрамы болот. Биздин өлкөдө түшүм майрамын акырына чейин белгилешти. Бул майрам күнү түстүү шорполор даярдалат. Окуу жайдын ашканаларына кирүүнү каалагандарга эшик ачык.  Бул жылы биз башка өлкөлөрдүн түшүм майрамдарына катышууга жана башка коноктордун алдында өзгөчө меню даярдоону чечтик”, - деп аталган университеттин тамак-аш комбинатынын директорунун орун басары Наталья Якимова билдирген.

Мындан тышкары, салтуу музыканын   коштоосунда, дасторкондогу тамак-аштар көргөзмөгө коюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости