www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык ханзаада Гарри падышалык наамынан ажыратылганына өкүнүп жатканын кайрымдуулук иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Буга чейин ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карадысыз болууну кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.

“Мен ушул үчүн абдан жаман болуп жатам”,- деп ханзаада Гарри падышалык үй-бүлөсү менен чечилген акыркы келишимдер тууралуу айтты.

“Биз мамлкеткеттик каржылоосу жок эле ханышага, өлкөгө жана аскердик бирикмелерге кызмат кылууну улантабыз деген үмүтүбүз бар болчу. Тилекке каршы бул мүмкүн эмес”,-дейт ханзаада Гарри өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, 18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган.

Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.

Меган Маркл ханзаада Гарринин билдирүүсүнөн кийин Улуу Британиядан чыгып кетип, сегиз айлык баласы Арчи менен өзүнүн үй-бүлөсүнө Канадага учуп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости