www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-сентябрда сумкасына эки огу менен тапанча жана үч граната  салып жүргөн кыргызстандыкты Киев полициясы кармаган. Бул тууралуу украиналык ММКлар жазып чыгышты. 
Маалыматтарга караганда, полиция кызматкерлери супермаркеттин жанында токтоп турган Lexus автоунааны байкап калышып, унаадан түшүп жаткан эркектерден документтерин көрсөтүүнү талап кылышкан. Ошол учурда алардын бири тапанча алып чыгып коркутуу менен качууга аракет жасаган. Анткен менен ал адам кармалган. Жанындагы эки адам качып кеткен. Бирок, алардын документтери автоунаанын ичинен табылганы айтылууда. 
Украина күч органдарынын божомолунда, шектүүлөр адам уурдоо менен шугулданган топ менен байланышы бар.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости