www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган 3 жаран куткарылды

22-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында үч жаран көлдүн түштүк жээгин бойлой сүзүп өтүүгө аракет кылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жээкке жетүүгө болжол менен 3 чакырым калганда 1998-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран сууга чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Окуя болгон жерге саат 18:01де Ысык-Көл, Тоң жана Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 12 куткаруучу моторлуу кайыктар менен тартылган. Ошондой эле издөө-куткаруу иштерине ИИМдин 17 жана туристтик-экологиялык милициянын 8 кызматкери катышкан.

Куткаруучулар саат 23:10 чамасында Тоң районунун Кара-Талаа айылына жакын жерден 1998-жылы туулган Н.Б. аттуу жаранды аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Мындан тышкары, сапборд менен сүзүп бара жаткан 28 жаштагы А.О. жана 19 жаштагы Б.Т. аттуу жарандар да саат 23:20 чамасында куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Алардын да абалы туруктуу.

Последние новости