www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун бизнесмен Азим Рой (Орозахун Сайдазимов) менен түшкөн сүрөтү талкууланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары президенттин кортежинде эки жол тандабас пайда болгонун байкашкан. Бул тууралуу, Эрбол Султанбаев чет элдик өнөктөштөр автоунааларды гранттык негизде белекке бергенин белгиледи. «Мамлекеттик казынадан эч кандай каражат жумшалган жок», - деп баса белгиледи ал.
Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөн ишкер тууралуу ачык булактардан белгилүү болгондой, Швейцариянын Credit Suisse банкында кыргызстандык Азим Ройдун (Орозахун Сайдазимов) эсеби табылган.
Тергөө Азим Ройдун аккаунту 1997-жылдан 2013-жылга чейин активдүү болгонун айтат. Эсептеги максималдуу сумма 11,6 миллион долларды түзөт.
Ошондой эле, OCCRP журналисттери өз иликтөөлөрүндө Азим Ройдун «Россия жана Борбордук Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланышы бар ишкер» экенин жана Кыргызстандагы эң белгилүү кримавторитеттердин бири Камчы Көлбаев менен тааныш экенин аныкташкан.
Иликтөөчү журналисттер Азим Рой Көлбаевдин жакындарынын бири менен бизнес кылып жүрөт деп эсептешет.
Булак: NazarNews.kg