www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкоров чычалабай чыйралышы керек

Улукбек Кочкоровду идеал туткандар социалдык тармактарда Иса Өмүркуловго асылып эле калышты. Чынында Кочкоровду Өмүркулов туура сындады.

Бир айдан бери өзүнүн эмне иш аткараарын, кандай иш менен алек болоорун түшүнө элек Кочкоровдун катачылыгын санап, ал тургай эмне иш менен алек болушу керектигин да баса белгилеп койду. Кочкоров буга таарынбай тескерисинче чыйралыш керек. Сынды туура кабыл алуу да адамды өстүрөт. Иса Өмүркуловду жүз жамандасак да, бу сапар туура айтты. Эптеп күн кечирип аткан үй бүлөгө барып, сүрөткө түшүп, аны жарыялоо министр кыйратып иштеп жатат дегенди түшүндүрбөйт.

Кыскасы, Улукбек Кочкоров арданбай эле ал тармакты жакшы түшүнгөн мурунку министр Кудайберген Базарбаев менен кеңешип, акылын угуп турушу керек. Антпесе иши илгерилебейт. Кочкоров ал тармакты ийне жибине чейин билгиче бир ай эмес, алты ай кантип өтүп кеткенин билбей калат.

Анан эле сөзү менен иши дал келбей колунан эч нерсе келбей, тили буудай кууруган саясатчылардын катарына кантип кошулганын өзү да билбей калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости