www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адилет министрлиги мамлекеттик тилден өксүп келет. Бул тармакта эне тилибиз жарыбай койду. Буга чейин дагы өгөйлөнүп, кыргыз тилинде иш алып баргандар куугунтукка кабылганы айтылган. Андан бери бир топ министр алмашты, бирок жылыш болгон жок. Баягы көйгөй ошол бойдон туру. Сурай келсең өздөрүнө чаң жугузбайт, жыйындарды мамтилде жүргүзүп, иш-чараларды эне тилде өтүп жатканын айтып актанышат.

А чыныгы фактыга келгенде таш балээ да жок. Учурда Адилет министри болуп олтурган аты-жыты «кыпкыргыз» Марат Жаманкулов кыргызча «такалып-такалып» сүйлөйт экен. Бул уят да. Мамлекеттин мыйзамдарын сыйлабагандык да. Муну тез арада кыргыз тесттен өткөрүп, нарыдан бери кылыш керек.

Булак: “Де-Факто”

Последние новости