www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атасынын зөөкүрлүгүнөн улам дагы бир 4 айлык наристе көз жумду. Жаңы гана дүйнөгө келди деп кубанычы койнуна батпай ак сүтүн берип жаткан энесин кайгыга чөгөрүп койду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы төмөнкүлөрдү жазып чыкты.

Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылынын четинде жайгашкан кашарда жашаган жубайлар урушкан. Ошол учурда күйөөсү жыгач менен аялын чабам деп, колунда кармап турган төрт айлык кызын башка чаап алган. Ага ачууланган аялы бычак менен күйөөсүнүн сол колунун булчуңуна сайып жиберген. Окуя болгон учурда күйөөсү мас абалда болгон.

Жаңжалдан кийин күйөөсү жана 4 айлык кызы Тоң райондук ооруканага жаткырылып, наристе бир күндөн кийин чарчап калган. Бул үй-бүлөнүн улуу эркек баласы туугандары менен бирге жашаганы белгилүү болду.

Учурда күйөөсү шектүү катары камакка алынса, аялы Баткенге – төркүнүнө кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости