www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы, коомдук активист Мелис Аспеков фейсбуктагы баракчасы аркылуу Президентке кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда төмөндөгү маани камтылган;

"Урматтуу Президент "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жумушчу топтун курамынан Иманкадыр Рысалиевди четтетүүнү суранабыз.

Өкмөт башчынын бажасы сиздин идеяларыңыздын тазалыгына шек келтирди. Муну менен катар Өкмөт башчы туугандык байланышты күчөтүп, быйылкы жылы сиз приоритеттүү деп эсептеген сиздин "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жакшы оюңузга көлөкө түшүрүп, ал жактан да акча жасоо, жеке кызыкчылыкты ишке ашыруу аракети болгонун байкадык.

Сиз башкы багыт деп эсептеген коррупция менен күрөшүүгө алар моюн сунган жок. Коррупция менен күрөштө сизди жалгыз калтырууга  аргасыздантты.

Азыр дагы кеч эмес! Эл сизге гана үмүт кылып жатат.

Өкмөт башчыда уят бар болсо арызын жазып кетиши керек! Ал элдин жана сиздин ишеничти актай алган жок!"-деп оюн жыйынтыктаган Аспеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости