www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин мурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов УКМКнын Тергөө абагындагы бир кишилик камерага которулду. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Илмиянов бир кишилик камерага которуу жөнүндө өтүнүч келтирген.

Сулайманов мындай кадам Илмияновдун өмүрүнө коркунуч туулгандан эмес, стресстик абалдан улам болушу мүмкүн деген пикирин билдирди. Бул маалыматты УКМКнын өкүлдөрү да тастыкташты. Атайын кызматтан алынган маалыматка ылайык, Илмияновдун өмүрүнө коркунуч жок жана ал өз каалоосу менен которулган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Маалыматка ылайык, Илмиянов былтыр жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алды деп шек саналып жатат.

Буга чейин УКМК Илмияновдун тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости