www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын биринин Улан Чалбаев деген жетекчиси коррупцияга айыпталып кармалган. Эсиңиздерден чыга элек болсо керек. Ал экс-депутат Карганбек Самаковдон соттун өкүмүн жумшартып чыгарып берем деп 200 миң доллар талап кылган. Ошентип ал 2018-жылдын апрель айында бул акчаны алып жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кызыгы эми башталгандай, далил буюм катары сакталып турган Улан Чалбаев алды деген ошол 200 миң доллар жок болуп чыкты. Маалыматтарга караганда, акчалар Бакай Ишенгулов деген УКМКнын тергөөчүсүнүн кабинетиндеги сейфтен жоголгон. Ким экен десек, ал депутат Канат Исаевдин карачечекей күйөө баласы болуп чыкты. Акча жоголгону билинип калгандан кийин Бакай Ишенгуловго өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү сунушталып, ал “өз каалоосу” менен кызматтан кеткен.

Ошондой эле бул окуядан кийин депутат Канат Исаев УКМКга келип, ишти жабуу боюнча сүйлөшүп дагы кеткен имиш.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматында акча жоголгону боюнча маалымат жок экен.

Дагы бир кызыгы, 200 миң доллар пара алды деген Улан Чалбаевдин ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап баштаптыр. Эми, эгерде далил буюм жок болсо, 200 миң доллар пара алды деген Улан Чалбаев акталып кетиши толук мүмкүн экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости