www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Малайзияда төрт адам коронавирус чыкты деп жалган маалыматтарды тараткан деген шек менен кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, камакка алынгандардын ичинде 49 жаштагы мугалим, 25 менен 30 жашатгагы фармацефттин жардамчылары жана 24 жаштагы студент. Алар коронавирус тууралуу жалган маалыматты 25-январдан 27-январга чейин Facebook жана Twitter баракчаларынан таратышкан.
Алардын ар бири 12 200 доллар (800 миң сомдон көп) төлөшү жана бир жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Аталган коронавирус оорусу Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында пайда болгон. Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 170, ал эми ооругандардын саны 7 миңден ашты. Мындан сырткары 17 мамлекетте тарады.
Булак: NazarNews.kg