www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Кыргызстанда 298 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Мекеменин маалыматына таянсак, ооруканада жаткан 298 жарандын 145и кытайлыктар, алардын баарынын анализи таза.
Белгилей кетсек, Кытайдан чыккан жаңы вирус 58 өлкөдө: Катар, Израиль, Египет, Мексика, Чехия өлкөлөрүндө алгачкы фактылар катталды. Буга байланыштуу Кыргызстан Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө 2020-жылдын 1-мартынан тартып чектөө киргизди.
Булак: NazarNews.kg