www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.
-Сен тактап, далилдеп туруп айткандай коопсуздук органдарында иштеп жаттың беле? Эгер Али Токтакуновдун иши өтө мамлекеттик сыр болбосо айта бериш керек го?
-Өтө мамлекеттик деле терең сыр эмес. Сен коррупцияга каршы ачык күрөшүп, жаш кезинде жайрап калган Улан Эгизбаевди билесиң?
-Улан Эгизбаев коррупцияга каршы катуу күрөшүп, бардык нерселерди таамай ачык айтып жүргөн эле. Ал жапжаш туруп көлгө эс алганы барып сууга чөгүп кетти. Аны эскерип буркурап ыйлаган Венера Жуматаеванын жашы эмгиче кургабайт.
- Улан Эгизбаев көлдө чабактай эле сүзчү дешет. Анан ал кантип сууга чөгүп кетет? Бул жерде кандайдыр бир күчтөрдүн кийлигишүүсү болуп жүрбөсүн деген версия да бар. Ал эс алууга чыкканын билишкен, тегерек-чети аны аңдып артынан барышкан да, ал көлдө сүзүп жүргөндө бутунан тартып коюшкан.
-Мындай версия эл арасында айтылып келатат, чындыгында ал кандайдыр бир күчтөр болбосо сууга чөгүп кетпес эле. Балким, аны аңдып жүргөн немелер ал сууга түшүп жүргөндө скафандр кийип алышып күтүп жатышкандыр.
-Коррупцияга каршы күрөшкөн Улан Эгизбаевди «Азаттык» радиосунда Али Токтакунов сыяктуу көрө албагандар болгон. Улан Эгизбаев тиги дүйнөгө узаган соң, «Азаттык» радиосунда Али Токтакуновдун ирбити жүрө баштады. Бүгүн ар кимге жалаа жаап чамгарактаган эле ошол. Ал коррупцияга каршы күрөшүп жатам деп, АКШтан акча алып, алдыга суурулуп чыкканы менен, анын жазгандары дайыма калп болуп чыгат. Ал эмес кыргыз жигиттерин Орусиянын «Магнитский тизмесине» коштуруп жатат.
-Сен далы менен төлгө тартып калчу элең, ушул инцидент тууралуу төлгө тарта алдыңбы?
-Ооба, Венера Жуматаева ыйлап турат, Улан Эгизбаевди скафандр кийип алып кимдир бирөө бутунан тартып сууга чөктүргөн.
(Уландысы башы өткөн санда, уландысы бар)
Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg