www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Казарман шаарында жергиликтүү жашоочу орой мамилеге кабылганын адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди. Анын айтымында, ага Алтынбек кайрылып карындашы Аселге жардам берүүнү суранган.
«Менин кардарым алардын ата-энелери кичинекей кезинде өтүп кеткендигин айтты. Ушуга байланыштуу, алар тайэнеси менен тайатасынын колунда тарбияланган. 26 жаштагы Асел төрөлгөндөн бери буту баспайт. Учурда кыз тайатасы менен тайэнесиникинде жашоону улантууда, ал эми Алтынбек Бишкекте, ал курулушта иштейт», – деди жактоочу.
Алтынбек Аселди алып кетмекчи болгон, бирок тайэнеси аны коё бербей койгонун айтты. Мындан тышкары, анын карындашын туугандары сабагандыгын айткан.
--«Эгерде Алтынбек карындашын алып кете албай калса, анда аны социалдык мекемеге алып кетишин каалайт. Ошондой эле ал Ички иштер министрлигине арыз жазган», – деди Абдыкапаров.
Булак: NazarNews.kg