www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көзгө көрүнгөн ак боз үй

Бул окуя жакында эле Кочкор районуна караштуу бир айылда болгонун Бекмурат байке айтып баштады.

Ошол күнү Бекмурат кеч кирип калган кезде басыгы жакшы, өйдө-ылдыйга бирдей жүргөн аты менен келе жатып, жол жээгинде турган боз үйгө туш болот. Салт боюнча боз үйгө кирбей кеткен болбойт. Эки бала атты алат.Бекмурат салам айтып ичкери кирсе, үй ичи толо кишилер экен. Алар кыз узатуу тоюн берип жатышканбы, айтор кызыл-тазыл кийинген кыз келиндер, ак калпак кийип кызмат кылып жүргөн жаш жигиттер, төрдө балпайып олтурган карыялар менен байбичелер тим эле бир караган кишиге кудум илгерки карылардай көзгө бир жагымдуу көрүнүп, аларды көргөндөн көз сүйүнөт. Бирок Бекмуратка көңүл бурган деле киши жоктой. Бир кезде жаш келин чыныга кымыз куюп, колуна нан алып келип даам сунганда баш чайкап, каршы болуп коёт. Бирок жүрөгү бир нерсени сезет, ага анча көңүл бурбайт. Бир убакта сырттан бир киши кирип келип эмнегедир ортого кадимки эле алтындан уучтап чачып калат. Анан эле үйдө олтургандардын баары эле чачылган алтынды талашып калышат. Бекмурат дагы элден калбай бир ууч алтынды алып, чөнтөгүнө салып, көпкө кармалып турбай сыртка чыгат да, күн кечтеп кете электе жолду арбытып алыш үчүн атына минип сапарын улайт. Анткен менен чөнтөгүнүн сыртынан улам алган алтынын кармалап коюп, бир топ жол арбытып, ар тараптуу ойго алаксып качан бара турган айылдын карааны көрүнгөн кезде, чөнтөгүндөгү алтынды кармаса алтын жок. Шашып кетип чөнтөгүнө колун салса, ыпыр-сыпыр бир нерселер. Бул көрүнүшкө ушунчалык таң калып, чөнтөгүн тазалап анан келе турган жерине келип, бир күн өргүп ишин бүтүрүп алып кайра изине кайтат. Эң кызыгы, баягы ак боз үй турган жерге келсе, эч кандай боз үй жок. Ал турсун киши-каранын издери да билинбейт. Мындай окуяны укканы бар, бирок минтип өзү күбө боло элек болуучу.

Бекмурат бир чоң сырга күбө болгонун билип, бирок иш-чаранын аягына чейин катышпай кеткенине өкүнүп катуу капа болуп, айылына келип эле айылдын эң улуу ак сакалына кайрылып көргөн билгенин бир баштан айтып берет.

Ошондо карыя угуп болуп:

-Балам, сен туура иш кылган экенсиң, алар сунган даамга карабай коюп. Алар деген башка дүйнөнүн элдери. Балким сен мурда жашап өткөн кишилердин жашоосуна кабылган чыгарсың-деп айтты да, анан ойго алаксып калды. Балким карыя билгенин ачык айтпаса керек. Чынында мындай окуяга жөн адам жолукпайт,балким бир нерседен сыр берген чыгар.Азыр дагы ал окуянын сыры чечилбей келет. Бул эмне сыр экенин табышмак бойдон калды. Анткен менен көпкө чейин эстен кетпей, ар тараптуу ойго жетелеп, мурда адамдар ушундай таза ой, таза сезим менен жашаган чыгар деген гана ой калды деп, Бекмурат байке сөзүнүн аягына чыкты...

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости