www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын Стефан Таркович жетектейт. Буга чейин ал Словакиянын курама командасын жетектеп келген.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, 24-апрелде КФСнын аткаруу комитетинин жыйыны өтүп, күн тартибиндеги негизги маселелердин бири улуттук курама команданын башкы машыктыруучусун бекитүү болду. Жалпысынан 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучу кызматына эң ылайыктуу бешөө тандалды.

Жыйынтыгында КФСнын аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Стефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.

"Улуттук кураманын 50 жаштагы жаңы машыктыруучусунун УЕФА Pro машыктыруучу лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар", — деп белгилейт Кыргыз футбол союзу.

Тарковичтин жетишкендиктери:

• Бангкок Кубогун утуп алуу, 2018-жылдын марты;

• Евро-2016нын плей-оффуна чыгуу мүмкүнчүлүгү, 2016-жылдын июль айы;

• ФИФАнын рейтингинде Словакия курама командасынын эң жогорку позициясы (14-орун), 2015-ж., август.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:

• Евро 2020га кирүү, 2020-жылдын ноябрь айы.

Белгилей кетсек, Таркович 2022-жылга чейин Словакиянын курама командасын жетектеп келген, ал эми июнь айында Словакиянын футбол союзунун аткаруу комитети аны улуттук кураманын башкы машыктыруучулугунан бошотуу чечимин кабыл алган. Мунун себебин команданын канааттандырарлык эмес жыйынтыгы деп аташкан. Ал Улуттар Лигасында Казакстанга 0:1 эсебинде утулуп калгандан кийин спорттон кеткен.

Эске салсак, 2014-жылдан бери Кыргызстандын курама командасын ушул айдын башында кызматтан кеткен Александр Крестинин жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости