www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-марттагы Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорун кабыл алуу деңиз ишинин заманбап укуктук базасын түзүүнү камсыз кылып, Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюн көтөрөт жана деңиз соодасын жана логистикасын өнүктүрүү үчүн алгачкы шарттарды түзөт.

«Мындан тышкары, мамлекеттик башкаруу, көзөмөл жана деңизде сүзүү коопсуздугун контролдоо механизмдерин бекемдейт, деңизде адам өмүрүн коргоону, деңиз чөйрөсүн коргоо жана ташуулардын коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарды ишке ашырууну камсыз кылат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги астында кемелерди каттоо үчүн юрисдикция катары жагымдуулугун жогорулатат», - деди баяндамачы.

Последние новости