www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырларды эскерүү митингинин
РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
Биз, Кыргызстандын жарандары, Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгына арналган митингдин катышуучулары, элдин эркиндиги үчүн жандарын кыйышкан баатырларды эскерүү менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эркин жана көз карандысыз, эң жогорку баалуулуктары адам, анын өмүрү, ден соолугу, укуктары жана эркиндиги болгон демократиялык Кыргызстанды куруу максатын көздөөсүн таастыктоо менен;
Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө жана өлкөнүн келечегине бекем ишеним билдирүү менен;
укук үстөмдүгүн тастыктоого жана ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү, элдин экономикалык жыргалчылыгын жана рухий өнүгүүсүн камсыздоого умтулуу менен ушул Резолюцияны кабыл алабыз.
1. Биз Апрель революциясынын жетишкендиктери коркунуч астында деп эсептейбиз.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк – кландык башкарууга жол берилбестиги туурасындагы эч нерсе менен бекемделбеген убадаларды жамынуу менен маңызында Кыргызстандын биринчи эки президентинен калган жексур мурастарды жаңылоо жүрүп жатат.
Бакиевдик режимдин атмосферасы кайтып келүүдө. Болгон айырмасы, Бакиевдин тушунда саясый элитаны Үсөн Кудайбергеновду, Баяман Эркинбаевди, Руслан Шабатоевду, Ратбек Санатбаевди, Медет Садыркуловду, Сергей Слепченкону, Геннадий Павлюкту өлтүрүп, Сыргак Абдылдаев жырткычтык менен жазага тартылса, учурдагы бийлик камакка алуулар менен саясый куугунтуктоолордун жардамы менен коркутуунун жана саткынчылыктын атмосферасын жаратууда.
Биз Апрель элдик революциясынын идеяларын сөз жүзүндо эмес, иш жүзүндө урматтоону талап кылабыз!
2. С.Ш. Жээнбеков президент болгондон бери өткөн бир жарым жыл ичинде анын коррупция менен күрөшүү жөнүндөгү билдирүүлөрүнүн чын дилинен чыкпаганына ишенген адамдардын саны барган сайын өсүүдө.
Бул бетпак көрүнүштү түп тамырынан бери соолтуу боюнча ырааттуу иш жүргүзүүнүн ордуна саясый оппоненттерди жана атаандаштарды эптеп жок кылуу аракети жүрүп жатат.
Коррупционер экени эч кимге шек жаратпаган адамдар болсо бийликтин коргоосуна гана алынбай, расмий иш-чараларга ардактуу конок катары катышууда.
Мындай жагдайда бийлик ЖЭБди эл аралык аудиттен өткөрүүдөн коркот, адистерге сөз бербейт жана эл ЖЭБ боюнча, ойдон чыгарылган башка кылмыш иштери боюнча чындыкты билбей калышы үчүн колдон келгенин жасоодо.
Биз эл аралык аудит жүргүзүлүүсүн жана ачык сотту талап кылабыз!
3.Бийликтин олдоксон иш-аракети, анын ичинде айрым саясый жана коомдук бирикмелерге административдик мыйзамсыз кысым жасоо коомду бузуп жарууда, натыйжада Кыргызстандын элинин биримдигине коркунуч жаралып жатканы барган сайын ачык көрүнүүдө.
Президент бүгүн өзүнүн эл менен мамлекеттин биримдигин көрсөткөн негизги конституциялык милдетин аткарбай жатат, муну сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да тастыкташы керек. Тилекке каршы, бийлик, жадагалса, жарандар менен өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан тенденциялар анын өзүнүн иш-аракеттеринен улам келип чыгып жатканын түшүнбөй жатат.
Биз Конституцияынын талаптарын аткарууну талап кылабыз!
4. Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча кыйын, жаратман иштин ордуна мамлекеттик органдарда саткынчылык менен интригалар жайылтылууда. Ошондой эле күч бийликтеринин ойлонулбаган иш-аракеттери мамлекеттик органдардын ишин шал абалга кептөөдө.
Биз бийликтен жаратмандык ишти талап кылабыз!
5. Биз ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине, сиздер Кыргызстандын элине кызмат өтөөгө ант бергениңиздерди унутпаңыздар деген чакырык менен кайрылабыз!
Акыркы айларда биз укук коргоо органдары жана бүткүл мамлекеттик система тарабынан мыйзамдар, өлкөнүн Конституциясы жана адамдардын укуктары менен эркиндиги бузулуп жатканына күбө болдук. Коомдук активисттерге бут тосуулар, аңдуулар болуп, чагымдар уюштурулууда. Жумуштан кетиребиз деген коркутуулар менен кошо үй-бүлө мүчөлөрүнө кысым жасалууда. Айрым активисттерге ойдон чыгарылган жагдайлар боюнча кылмыш иштери козголду.
Урматтуу офицерлер! Өзүңүздөрду өз элиңиздерге карата курал катары пайдаланууга жол бербеңиздер! Бардык кылмыштуу буйруктар үчүн эртедир кечтир баарыңыздар жооп бере турганыңыздарды унутпаңыздар.
6. Биздин митингдин катышуучулары 2017-жылдагы президенттик шайлоодо С.Ш. Жээнбековдун жеңиши үчүн үгүттөгөндөрдүн сап башында болушкан жана аны менен тирешүүгө эч бир кызыкдар эмес.
Бирок, С.Ш. Жээнбековдун конструктивдүү диалогдон бир нече жолу баш тартканы мындайга кайтууга биротоло чекит коюушу мүмкүн.
Биз президент С. Ш. Жээнбеков кетирилген каталарды моюнга алып, аларды тезинен оңдоого эрки жетет деп үмүттөнөбүз. Мындай кыла албаса, анда ал Кыргызстандын тарыхында өлкөнү артка, үй-бүлөлүк –кландык режимдердин караңгы түпкүрүнө тарткан президент катары калышы ыктымал.
7. Эки айдан кийин биз кайрадан митингке чогулабыз жана реалдуу натыйжалар болбогон учурда, мындан да масштабдуу иш-чараларды уюштурабыз.
Биз Кыргызстаныбызда тынчылык менен туруктуулуктун болушуна кызыкдарбыз. Ошондуктан жарандардын укугу, эркиндиги жана адилеттүүлүк үчүн тынч, мыйзамдуу каражаттар менен гана күрөшөбүз.
Бишкек шаары7- апрель, 2019-жыл
Булак:NazarNews.kg