www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ММКларга Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кабарлады.

«КТ Мобайл» – «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй Интернетке «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев бул маалыматты четке кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында билдирген.

Бул ишкананын артында өкмөт башчы М.Абылгазиев турганы айтылууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости