www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызтелекомго” караштуу “КТ Мобайл” ишканасынын өкүлдөрү “Мегаком” брендин алып жүргөн “Кыргызтелекомдун” ортосундагы талаш жана айлык маселесине байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү.

“КТ Мобайл” ишканасы интернетке тараган айлык боюнча маалыматты четке кагууда.

Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиевдин айтымында, ишканада эң жогорку айлык 157 миң  жана эң төмөнкү айлык 18 миң болуп саналат.

Интернетке чыккан маалыматтарда “КТ Мобайлдын” директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары жазылган.

“КТ Мобайл” “Кыргызтелекомдун” алдында 2003-жылы негизделсе, жыштыктарга каражат жетишсиз болуп өз алдынча старт алган эмес.

Жакында “Мегаком” менен “КТ Мобайл” ишканасынын ортосунда келишпестик чыгып,келишимге ылайык “Мегаком” өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Бирок “КТ Мобайл” өз алдынча уюк оператору болгусу келгени талаш жараткан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости