www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1. 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуя боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы катары айтсаңыз, ошол күнкү атайын операциядан кабарыңыз бар беле? Бар болсо, качан эмне болорун билдиңиз? Эгер сизди куратор катары көрбөй алдын ала эч ким, эч нерсе кабарлабаган болсо, кандай чара көрдүңүз?

2. Кой-Таштагы болгон окуяда күч структуралары Сиздин көзөмөлүңүздө беле?

3. 7-август күнү атайын операциянын ашмалтайы чыгып, атайын кызматтын кызматкери окко учуп, бир канча мүчөсү барымтага алынып, Курманкулов катуу жаракат алганы баарыбызга белгилүү. Бул боюнча кабарыңыз бар беле жана Сиз өзүңүз кандай чара көрдүңүз?

4. Комиссия ал окуя боюнча өз ишин жыйынтыктап жатат. Күч структураларынын куратору катары сизге да берилиш керек беле? Себеби Сиз атайын операция боюнча өз ишиңизди тиешелүү деңгээлде аткарган жоксуз. Моралдык жактан жоопкерчилик тартууга даярсызбы?

5. Чек ара боюнча комиссияга өзүңүздүн тилиңизди алган адамдарга толтуруп алганыңыз чынбы? Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр тиешелүү деңгээлде жүрүп жатабы?

6. Чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Искандаров Курбанбай иштен алынышынын сыры эмнеде? Же эл арасында айтылып жүргөн, “Искандаров Разаковдун “былык” иштерин билчү, ошондуктан иштен алынды” деген сөздөр канчалык чындыкка ээ?

7. Жогору айтылган, белгиленген комиссиялар боюнча суроолорго жооп бергенге эркиңиз жетеби? Жетсе сиз менен маектешүүгө даярбыз.

Булак: “Факты.kg”

Последние новости