www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агам үйлөнгөндө анын тоюн баштан-аяк тартып бере турган фотограф жигит менен таанышып калдым. Жагымдуу жигит экен, дароо эле жактырдым. Ал да мени ошондо эле жактырган белем, кийин сүрөттөрдү карап отурсак ар биринде эле мен жүрөм. Андан улам агамдын: “Той биздики болбой эле Маликаныкы болгон го”, -деп күлдүргөнү эсимде. Данияр экөөбүз телефон номерлерибизди кечиндеги тойдо, ресторанда алыштык. 7-8 айдай кыз-жигит катары сүйлөштүк да, биз да үйлөндүк.

Үч жыл абдан бактылуу жашадык. Бири-бирибизге болгон сүйүүлөрүбүз тарамак түгүл күчөгөндөн күчөп кайда болсок жетелешип чогуу жүрөбүз. Данияр тойдо сүрөтчү болгондон тажадым деп чакан сүрөт студиясын ачты, мен болсо жардамчысы катары тиги-мунусун кармалашып, кассага түшкөн акчалардын эсебин чыгарып дайыма жанындамын. Бул убакыт аралыгында боюма да бүткөн жок, бирок биз ага кайгырган деле жокпуз.
Бир күнү ичимден тымызын күтүп жүргөн кыялым орундалып тесттен кош бойлуу экеним аныкталды. Анымды Даниярга сүйүнчүлөйм деп чыдамсыздык менен күтүп отурсам, жолдошум да мага кубанычтуу кабар алып келиптир. Көрсө, бир моделдик агенттиктин директору Даниярдын тарткан сүрөттөрүн жактырып, ага агенттиктин фотографы болууну сунуштаптыр. Маянасы студиядан экөөлөп тапкан акчабыздан үч эсе көп экен. Кош жаңылыкка экөөбүз бирдей толкунданып, жашообуздагы мындай өзгөрүүлөргө жетине албай турдук. Ошентип студияны жаап мен үйдө отуруп, Данияр агенттикте иштеп баштады.

Алгач баары жакшы эле. Бара-бара жолдошум менден алыстай баштады. Жумуш көптүгүн айтып дем алыш күндөрү да кетип калат, үйдө болсо да мага көңүл бурбайт. Менин бар же жок экенимди капарга албай эртеден кечке модель кыздардын сүрөттөрү менен алек болуп компьютерде отурганы отурган. Мага бул көрүнүш жакпай жатты, бирок каршылыкка ачык чыга албай ичимден бук болуп жашай бердим.

Аман-эсен көз жардым. Балканактай болгон уулубуз да аны мен күткөндөй кубандыра алган жок. Тескерисинче, уулум төрөлгөндөн баштап Данияр жат адамга айланды.

Мурда жөн эле кеч келсе, эми анысына үйгө келбей калган адаты кошулду. Иштин көптүгүн, бир бөлмөлүү үйдө биздин уктаганыбызга тоскоол болбой жумушта калып түнү менен иштегенин айтып кутулат. Бирок анын өзгөргөнүнүн чыныгы себеби кийинчерээк ачыкка чыкты.

Күйөөм бир модель кыз менен жүрүп алыптыр. Бул кабар мага жеткенде албетте, үйдө чоң жаңжал болду. Ушуну эле күтүп турганбы, ошол уруштан кийин чыгып кеткен бойдон күйөөм көңүлдөшү менен жашап атат. Бирок мен күйөөмдү оңой эле алдырып отуруп калгым келбейт, бактым үчүн күрөшкүм келет. Мен аны сүйөм, ансыз жашоомду элестете албайм. Андыктан кандай жол менен болсо да кайтарып алгым келет. Бирок кантип?...

Булак: "Леди кж"

Последние новости