www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовго “Баатырлыктын” берилиши бул арифметикалык жактан туура кадам. Бир күндүк Алиясбек Алымкулов, алты жылдык Атамбаев деле баатыр болушкан. Аларга салыштырмалуу булар чыныгы баатырлар. Ар бир доор алмашканда кандайдыр бир гармонияны жаратып, ѳзгѳчѳ философиясы менен адамдардын аӊ-сезиминде калат экен. Султан Ибраимов доор алмашып, доор айкалышкан 1927-жылы 20-сентябрда Чүй өрөөнүндө тѳрѳлгѳн. Ушул мезгилде лениндин доору тамам болуп, сталиндин доору башталган. Сталиндин доорун канчалык жамандасак да, ал бийликте турганда граждандык согуштун запкысын кѳргѳн совет элине америкалыктардай асмандата үй салып бере албаса да, жалпы журттун кем-карчы жок жакшы жашоосуна шарт түзүп бергени анык. «Алтын балык» деп бекер айтпайт.
Бѳтѳнчѳ балалыгы сталиндик доордо ѳткѳндѳрдүкү чыныгы эле алтын балалык болгондой. Ал мезгилде бир гана Лениндин: «Окуу, окуу жана окуу»-деген урааны алдында октябряттын кызыл значогун тагынып, 3-класстан мен деген окуучуларды гана пионердик ант бергизип Бүткүл союздук пионер уюмунун катарына кабыл алар эле. Кызыл жагоо тагынып пионерге ѳтүү, али октябрят значогун тагынган классташтарга караганда сыймыктуу да, жооптуу да эле. Партия бала кезден эле активдүү жаштарга стимул берип, мыктыларын пионерге ѳткѳзүп, андан мыктыларын комсомолго ѳткѳзүп, чекесинен чертип партияга ѳткѳзүп «былк-былк, былк-семиз»-деп тандай баштоочу. Ошол тандамалардын биринчи сабында Султан мырза жүрѳѳр эле. Бирок кайрадан доор ѳзгѳрдү. Бул жолу бала кезден кыттай куюлган идеянын бардыгы бырын-чырыны чыкты. Ардактап баккан ата-энесинен ажырап, Султан жаш кезинен жетимчиликти башынан ѳткѳздү. Султан мырза ѳкүрүп жатып алган жок. Ал жеӊин түрүнүп кыргыз элин канткенде, ушул саздан сууруп чыгуунун жолдорун издей баштады.Түн уйкусун бѳлүп түйшѳлдү. Совет экономикасын тереӊ ѳздѳштүрмѳйүн элдин келечегине балта чаап аларын туйду. Тоонун суусу иримдеп аӊтарылды…
Султан –бул кыскача эле накта кыргыздын ысымы. Айтып отурсак «Султан» -деген «терминде» эле канча улуу сѳз жатат. Султан - бул башкысы карапайым элдин Султаны, Султан Ибраимов кѳп жылдары Азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары бириккен Ош облусунун жетекчиси болгон. Карапайым адамдардын «Султаны» болгон.Эмнегедир, карапайым кызматкерден Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели, Кыргыз ССР Министрлер Советинин председателине чейинки кызматтык жолду басып өткөн мамлекеттик ишмерди, айкөл адам тууралуу жазгандарым жерде калбады. Мына Султан мырзанын накта Султандыгы.
Султан Ибраимов тууралуу эмгек жана экономика үчүн жаралган СССР Министрлер Советинин председатели Алексей Косыгин да жакшы пикирде болгон. Ал эмес Султан Ибраимовду Кыргызстандын келечектеги жетекчиси катары тааныган. 1980-жылдын 4-декабрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Султан Ибраимовду Чолпон-Атада эс алууда жүргөндө атып кетишкен, бул тууралуу коомчулукта ар кандай версиялар айтылып жүрѳт. Бир гана версия туура версия Султан Ибраимов иши менен эл алдында кѳрүнүп калган Улуу инсан болгон, ал мүмкүн бул иши менен кимдир бирѳѳлѳргѳ тоскоолдук кылган.
Ал жѳн гана ар кимдин сѳзүн угуп жүрѳ берсе эч ким тиймек эмес. Бирок, ал түз эле Москвадагы бийликтин «куйругун» басты. Жалындап бараткан жигит жалп ѳчтү. Тоонун суусу иримдеп аӊтарылды…
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»