www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулчулукка каршы күрөштөр мамлекет жарлаган Вавилонияда, Ассирияда, Мисирде башталып, эң белгилүүсү биздин заманга чейин байыркы Римде  Спартак баш болгон көтөрүлүш чыккан. Кулчулуктан өтүп феодалдык коомго келсек да кулчулук калган жок. Андан кийин кыргыздар капитализмди, социализмди басып өтүп кайра капитализмге түшкөнбүз. 1956-жылы эле СССР  кулчулукка каршы конвецияга кошулганбыз, СССР тараганда Кыргызстан эгемен өлкө катары 1992-жылы конвенциянын милдеттенмелерин өзүнө алган, эми анын 2014-жылдагы протоколу менен бекитилген кошумча милдеттенмелерин алып жатабыз.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоровдун айтымында, министрлик адамдарды мажбурлап иштетүү маселесинин жалпы саясатын жүргүзгөн менен, анын тармактары боюнча иш алпаруу милдети белгилүү бир мамлекеттик органга жүктөлгөн. Азыр Орусия менен Казакстандын аймагында документтери жок кулчулукта жүргөн кыргыз жарандары жөнүндө маалыматтар бар.

Жогорку Кеңеште «1930-жылдагы Мажбурлап иштетүү жөнүндө конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости