www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор районунда мал уурулукка шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ички иштер бөлүмү атайын буйруктун негизинде өткөрүлгөн “Касапчы” операциясынын жүрүшүндө Кочкор РИИБи менен ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген беш адамды кармады.
“1979-жылы туулган Ш.Ж. аттуу Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылынын тургуну, 1992-жылы туулган Ж.у.Т. аттуу Кочкор районуна караштуу Орток айылынын тургуну, 1975-жылы туулган А.К аттуу Нарын районунун Дөбөлү айылынын тургуну, Нарын районунун Дөбөлү айылынын тургуну 1971-жылы туулган К.А., ошондой эле 1989-жылы туулган А.Т. аттуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну кармалды. Бул адамдар Ш.Жга тиешелүү “Митсубиси Галант” жана А.Кга тиешелүү “Мерседес Спринтер” унаалары менен жүрүшкөн. Автоунааларга кароо жүргүзгөн учурда ок атуучу куралдар табылган, мындан сырткары далил зат катары 4 баш уй табылган. Алар 8 уй жана 8 жылкы уурдаган деп шектелүүдө”, -деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыштарга шектүүлөрдүн мындан башка ушундай кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталууда. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.
Булак:NazarNews.kg