www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнегедир Курманбек Бакиевдин адамгерчилиги тууралуу саясатчылар анын жакшы жагын көбүрөөк айта башташты. Сыягы, салыштыруудан кимдин кандай экенин билип жатышат окшойт. Сөзүбүз куру болбош үчүн “Бакиев кетсин” деп аянтта турган оппозиционерлерди да адамгерчилиги менен таңгалдырган жагдайга токтололу. Бакиев президент кезде Кубатбек Байболов оппозициядагы күчтүү лидерлердин бири  болот.

Ошол мезгилде жубайы ооруп, Германиядагы клиникалардын биринде ден соолугун чыңдамак болот. Аны угуп калган Курманбек Бакиев Байболовду чакыртат. Байболов “президент мени неге элден бөлүп чакырды. Мындай десе, аны айтам. Андай десе муну айтам” деп өзүнчө оппозициядагы көтөрүп жүргөн маселелери боюнча даярдана баштайт. Бакиев кабыл алат, бирок Байболов ойлогон темадан сөз баштабайт. Үй-бүлөсүн, ден соолугун сурайт.

Сөз арасында “Нуржамал ооруп Германияга барганы жатыпсыңар. Менден кандай жардам керек? Элчиге айттырайын, силерди тосуп алсын” дейт. Каршылашына ушундай адамгерчиликтүү мамиле кылаарын күтпөгөн Байболов “элчиге дайындабай  эле коюңуз. Эч нерсенин кереги деле жок. Баарын сүйлөшүп койгонбуз” дейт. Бирок, ичинде Курманбек Бакиевдин адамгерчилигине бир жагынан  таң калса, экинчи жагынан баа берген дешет аны жакшы билгендер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости