www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын июнь айында президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда сот реформасы абдан ийгиликтүү жүрдү, биз соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгүн жаңыладык, материалдык техникалык базасын да чыңдадык, биздин соттор башкача иш алып бара баштады” деп жарыялаган. Бирок кийинки президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасына байланыштуу жыйындарда жарандардын кайрылууларынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин белгилеп, андыктан реформаларды тездетүүнү айтып келе жатат.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткандардын ишин кароо - Сооронбай Жээнбековдун өзү айтып келе жаткан сот реформасы үчүн сыноо катары бааланууда. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул ириде Алмазбек Атамбаев үчүн чоң сыноо дейт:

- Күнөөсүз адам соттолбошу керек. “Эмнени эксең ошону аласың” деген сөз бар. Мурунку президентибиз алты жыл сот реформасы деп, дүрүлдөтүп, кодекстерден бери алмаштырып, сотторду алмаштырган. Чындыгында сот реформасы болдубу же сотторду талкалоо болдубу эми өздөрү көрөт. Себеби азыр ошол адамдын командасы соттолуп жатат. Ошол адамдын өзүнүн да башына түшүшү мүмкүн. Сот реформасынын жүзү эми билинет, - деп жазат Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости