www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми элдин оозун эч ким төөнөгүч менен төөнөй албайт. Анткени биздеги демократияга чек жок, ар ким каалагандай пикирин токуй берет. Ошондон уламбы, урултайчылардын жасаган аракетине анчалык алымсынбагандар басымдуулук кыларын деле баамдап жатабыз. Анын үстүнө Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров дегендердин артынан кумурскадай болуп эл ээрчип кетет дегендин өзү нонсенс. 

Негизи бул каармандар өздөрүнүн ким экендигин, коомчулукта абройу канчалык деңгээлде көтөрүлгөнүн эбак эле тастыктап салышкан. Ошондуктан референдум маселесинде кыйынчылыктар болору айтпаса да түшүнүктүү.

Маселен, Турат Акимовдун пикирине таянсак курултай элди алаксытуунун ролунда болуп каларын жашырбайт. Ал негизинен 1993-жылкы Конституцияны кайрадан алып келүүгө кызыктар. Акыйкатта эле курамы 700 адамдан турган курултайчыларды тандоодо алешемдиктер болбойт деп ким кепилдик бере алат? Эч ким. Катары 120 депутаттан турган парламентте деле ак, карасы аралашып кеткендиги боюнча талаш-тартыштар жөн жерден болбогондур да?

Демек, башында ажо тарапка бутун салып алган курултайчылардан деле омоктуу жылыштарды күтүүгө болбойт. Алар он миң кол топтогуча парламенттик шайлоо аягына чыгып кетээри калетсиз. Андан көрө өлкө башчысы шайлоону талаптагыдай таза өткөрүп берүүгө эмитен камылгаларды көрсө туура болот.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости