www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский 42 жашка чыкты. Ал 2019-жылы 20-майда ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришкен.

Владимир Зеленский 1978-жылы 25-январда Украинанын Кривой Рог шаарында төрөлгөн.

Билими:

Алты жашынан тарта ата-энеси менен Монголиянын Эрдэнэт шаарында жашап, 1-класстан 4-класска чейин ошол жакта окуган. Кийин Кривой Рог шаарындагы №95 гимназияда окуусун уланткан. Ал жактан мектептеги түрдүү маданий иш-чараларга активдүү катышкан.

1995 — мектепти аяктап, Киев улуттук экономика университетинин Кривой Рог экономикалык институтуна тапшырып, юридикалык билим алган. Кийин өз адистиги боюнча иштеген эмес.

Зеленский мектепте окуп жүргөндө эле КВНде ойногон. 1997-жылы "95-й квартал" командасын түзүп, Москвага келип КВНдин жогорку лигасында ойной баштаган. КВНдин арты менен мурдагы СССР мамлекеттерине гастролго чыккан.

2005 — Украинанын "Интер" телеканалында "Вечерний квартал" аттуу шоу-программа чыгып, Зеленский режиссер, актер болгон. Аталган берүү эл арасында абдан популярдуу болгон. Кийин "95-й квартал" командасы студия болуп кайта түзүлүп, бир нече долбоорлорду ишке ашырган. Атап айтканда, "Вечерний квартал", "Бойцовский клуб", "Украина, вставай" теледолбоорлору, "За двумя зайцами", "Три мушкетёра", "Очень новогоднее кино или ночь в музее" аттуу мюзиклдарды тартышкан.

Саясий көз карашы

Зеленский 2013-жылы Евромайданды колдоп, анын катышуучуларынын алдына чыгып сүйлөгөн. Украинанын чыгышындагы окуялар башталганда Донбасстагы окуяларга катышкан украин армиясын колдоп, миллион гривен акчалай жардам берген.

"Слуга народа" тамашалуу сериал чыккандан кийин 2016-жылдын аягынан тарта Зеленский Украинанын президенттигине талапкер болот деген имиштер тарай баштаган. 2017-жылы "Квартал 95" студиясынын юристтери "Слуга народа" аттуу саясий партияны каттаттырган.

Зеленский 2019-жылы 1-январда президенттик шайлоодо ат салыша турганын расмий жарыялаган. Ал өзүнүн саясий программасында президенттин, депутаттардын жана соттордун кол тийбестигин алуу керектигин жазып, бул боюнча мыйзам долбоорлорун сунуштай турганын айтууда. Андан сырткары, президентке импичмент жарыялоо жана депутаттарды чакыртып алуу жолун иштеп чыгам деп сөз берген.

2019-жылдын 20-майынан тарта Украинанын президенти. 

Үй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы.

Атасы Александр Зеленский техника илимдеринин доктору, профессор, информатика кафедрасынын башчысы. Апасы Римма Зеленская үй кожойкеси.

Белгилей кетсек, Владимир Зеленскийдин боюнун узундугу 166 сантиметр. 2008-жылы «Viva!» журналы В.Зеленскийди Украинадагы эң келишимдүү мырза деп тапкан. Ал окуучу кезинде грек-рим күрөшү, оор атлетика менен машыккан.

Маалыматтар ачык булактардан топтолду.

Булак: NazarNews.kg

 


 

 

Последние новости