www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык Чек арасыз кабарчылар уюму жарыялаган соңку рейтингде Кыргызстан эки сапка төмөндөп, 146-орунга түштү (мурун 144-орунда болчу). Аймактагы башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү да жогору эмес. Казакстан — 149, Өзбекстан — 147, Тажикстан — 155, ал эми Түркмөнстан — 173-орунда.
Уюмдун баяндамасында Кыргызстандагы медиа чөйрөнүн абалы татаалдашып баратканы айтылат. Айрым маалымат каражаттары жабылып, кээ бирлери экстремисттик деп табылганы белгиленген. Мындан тышкары, эксперттер бийлик тарабынан көзөмөл күчөп, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдык чаралар көбөйгөнүн белгилешет.
Документте ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон «жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам сынга алынган. Авторлор бул документ Конституцияга жана эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келбейт деп эсептешет. Мындан сырткары, 2025-жылы кабыл алынган жаңы мыйзам медиалар үчүн кошумча талаптарды киргизип, аларды милдеттүү каттоодон өткөрүүнү жана сот чечими аркылуу ишин токтотууга мүмкүнчүлүк берерин белгилешкен.
Жалпысынан алганда, баяндама Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги акыркы жылдары басаңдап жатканын көрсөтөт.