www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 млрд доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер:

— China Power International Development Limited компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн евро;

— Айыл чарба министрлиги менен «Хэбэй Бай Доу Цзя» ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу — 260 млн доллар;

— Энергетика министрлиги менен Universal Energy Co. Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум — 100 млн доллар;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. ортосундагы «Жибек жолунун алыскы шамалы» биргелешкен сериалын тартуу долбоору жөнүндө макулдашуу — 38 млн доллар;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору жөнүндө макулдашуу — 25 млн доллар.

Мындан тышкары, төмөнкү келишимдер боюнча каражаттын суммасы такталып жатат:

— Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

— Энергетика министрлиги менен China Energy International Group Co Ltd жана China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Ош шаарынын мэриясы менен Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «ТНК Шумкар» ААКсы менен Xian Yuanchao компаниясынын ортосунда Кыргызстанда SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости