www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Улан Бакасов педофилдерди химиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгеси боюнча оюн айтып жатып билдирди.
Бакасов белгилегендей, ал педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү колдойт. Бирок ал үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек болот. Андан тышкары өлүм жазасы боюнча Кыргызстандын башка эл аралык уюмдар алдында милдеттенмелери бар болууда.
Анын айтымында, мыйзам долбоору 1-2 күндө коомдук талкууга чыгарылат.
Эскерте кетсек, буга чейин да Кыргызстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу жазасын киргизүү аракеттери болгон. 2013-жылы ал демилгени президент Алмазбек Атамбаев артка кайтарган.
Булак: NazarNews.kg