www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан чыга турган улуттук курама команданын параддык формасы жана спорттук экипировкасы даяр болду.
Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиа-штабы билдирди.
Маалыматка ылайык, оюндардын ачылыш аземинде кыргызстандык спортчулар кийе турган параддык форманы даярдоо боюнча өткөрүлгөн сынакта «Байра» компаниясы жеңүүчү деп табылган.
Ал эми мелдештер учурунда улуттук курама команда кийүүчү спорттук экипировканы Joma бренди даярдады.
Кыргызстандын спортчулары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук курама команданын формасы менен өлкө намысын коргойт.