www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети Кыргызстанга балык тоютун ташып келүүгө 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү №606 токтомго 2026-жылдын 9-сентябрында кол коюлду.
Чара ата мекендик балык тоютун өндүрүүчүлөрдү колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, балык чарбасын өнүктүрүү жана ички рыноктун импорттук продукцияга болгон көз карандылыгын азайтуу максатында киргизилди.
Муну менен бирге бир катар өзгөчөлүктөр каралган. Тыюу Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө өндүрүлгөн, Кыргызстан аркылуу бажы транзити режиминде ташылган, ошондой эле илимий изилдөөлөр, селекциялык жана эксперименталдык максаттар үчүн ташылып келинген тоюттарга жайылтылбайт.
Токтом 2026-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирди.