www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-августта Кытай өлкөнүн түндүк-батышындагы “Цзюцюань” космодромунан Жерди алыстан зонддоочу жаңы спутнигин космоско ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги маалымдады.

“Гаофен-12 04” (Gaofen-12 04) спутниги Пекин убактысы боюнча саат 01:45те “Чанчжэн-4В” (Long March-4С) ташуучу ракетасын колдонуу менен учурулду жана белгиленген орбитага ийгиликтуу кирди.

Аппарат ар кандай тармактарда, анын ичинде жерди изилдөө, шаар куруу, жол тармагын долбоорлоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн баалоо, кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча колдонулат.

“Чанчжэн” сериясындагы ракеталар үчүн бул учуу миссиясы катары менен 484чү болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости