www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 14-октябрында кабыл алынган №280 буйрук тууралуу маалымдайт. Аталган буйрук 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Бул документ Кытайга азык-түлүк продукциясын экспорттоочу чет өлкөлүк ишканаларды Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын CIFER (China Import Food Enterprise Registration) мамлекеттик маалыматтык системасында каттоонун жаңыланган тартибин белгилейт. Ошондой эле продукцияны баалоо жана рынокко киргизүүдө тобокелдикке негизделген ыкма киргизилди.

Каттоо Кытай рыногуна чыгуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат жана экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүргүзүлөт.

Каттоонун жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда каттоону токтотуу же жокко чыгаруу чаралары каралган.

Жаңы тартиптин кабыл алынышы продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана экспорттоочуларга коюлган талаптарды жогорулатууга багытталган.

Департамент чарба жүргүзүүчү субъекттерге жаңы талаптарга алдын ала даярданууну жана зарыл болгон учурда консультация алуу үчүн кайрылууну сунуштайт.

Департамент ата мекендик экспорттоочуларды каттоо системасы менен иштөөдө жана кытай тарап менен өз ара аракеттенүүдө мындан ары да колдоону улантат.

Последние новости