www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Тамилнад штатынын борбору Ченнаи шаарында 27 жаштагы кыз мурунку жигитине турмушка чыгуу үчүн аны ала качып кеткен. Бул тууралуу DT Next басылмасы билдирет.
Маалыматка караганда, 27 жаштагы Саундарья 31 жаштагы Партибан менен бир нече жыл мамиледе болуп, 2022-жылдын соңунда эки жолго түшүшкөн. Кийин Партибан Саундарьяга чейин сүйлөшкөн кызы менен кайра табышып, ага үйлөнгөн.
Мурунку жигитинин үйлөнүү тою тууралуу билген кыз ачууланып, аны алып качууну чечкен. Апасы, эки агасы менен бирге Партибандын батиринин алдынан кармап, күч менен машинага отургузушкан. Окуяга күбө болгон Партибандын апасы Саундарьянын жана анын туугандарынын жолун тосууга аракет кылган, бирок майнап чыкпай полицияга кабар берген.
Бул убакта Партибанды чиркөөгө алып барышып, каада-салт боюнча күйөө бала үйлөнүү тоюнда колуктуга тартуулай турган гүлдөн жасалган шуруну Саундарьяга тагууга мажбур кылышкан. Бир нече убакыттан кийиин полиция кызматкерлери келип калышкан. Саундарья менен анын туугандары кармалышкан.
Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жататканы айтылат.
Булак: NazarNews.kg